Новости
Local

Айкөл коом

Сонун жаңылык менен бөлүшкүбүз келет – биз Кыргызстандагы чет элдик студенттердин коопсуздугун жакшыртуу үчүн жергиликтүү коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү максатында “Айкөл Коом” долбоорун баштап жатабыз!

“Айкөл коом” - биздин адамдар башка өлкөлөрдөн окууга келген студенттерге жардам берүүгө, сый-урмат, колдоо көрсөтүүгө ачык жана даяр экендигин билдирет.

Кыргызстанда дүйнө жүзүнөн келген студенттерге билим берген көптөгөн университеттер бар. Долбоордун алкагында биз ар түрдүү жамааттар тууралуу сүйлөшүп, жаңы нерселерди үйрөнүп, башка өлкөнүн жаштарына маданиятыбыз тууралуу айтып беребиз. КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, окуу жайлардын жалпы студенттеринин 35%дан ашыгы чет өлкөлүк жарандар, ал эми 28%га жакыны КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

Ар түрдүүлүк биздин байлыгыбыз, жана аны менен бирге ар бир улуттун кайталангыс сапаттары жана артыкчылыктары бар, аларды өлкөбүздүн жана бүтүндөй дүйнөнүн бакубатчылыгы үчүн колдонууга болот.

Биз динамикалуу жана прогрессивдүү коомду түзүү үчүн Кыргызстан жана бүткүл дүйнө түрдүү улуттардын өкүлдөрүнөн түзүлүшү керек деп ишенебиз. Бул максатта ар бирибиз өз салымыбызды кошуп келебиз, ошондуктан, биз, ортобуздагы айырмачылыктарды сыйлап, баалай билишибиз зарыл.

Биздин долбоор баарыбызды бириктирүүгө жана өз ара түшүнүшүүгө, кызматташууга жана өнүгүүгө көмөктөшүүчү коомчулукту түзүүгө багытталган. Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары бири-бирин жакындан таанып, ар бир улуттун өзүнүн өзгөчө күчтүү жактары бар экенин көрүүгө жардам берүү үчүн иш-чараларды, билим берүү программаларын жана маданий иш-чараларын өткөрөбүз.