Новости
Local

Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Ош- 12-декабрында Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлиги жана «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси менен биргеликте “Борбордук Азиядагы миграциянын контекстинде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен аярлуу мигранттарды коргоо” аймактык долбоорунун алкагында кайтып келген мигрант аялдардын муктаждыктарын аныктоо жана Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тарабынан 70 аялды окутуу жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу максатында киришүү семинарын өткөрдү.

Аталган семинарда Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун, Ош облусунун Ноокат жана Алай райондорунун жана Жалалабад облусунун Жалал-Абад шаарынын аймактык башкармалыктарынын жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Эл аралык миграция уюмунун “Борбордук Азиядагы миграциянын контекстинде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен аярлуу мигранттарды коргоо” регионалдык долбоорунун пландаштырылган жыйынтыктарынын бири болуп миграциянын контекстинде аялдардын эмгек рыногуна катышуу үчүн укуктарын кеңейтүү саналат. Бул натыйжага жетүү үчүн ЭМУ аялуу мигрант аялдарга техникалык жана кесиптик билим алууда колдоо көрсөтүүнү жана алардын квалификациясын жогорулатуу жана жергиликтүү эмгек рыногуна жетүүнү колдоону пландаштырууда. Аялуу мигрант аялдардын көндүмдөрүн жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу алардын экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөт, ал эми кыйыр түрдө алардын социалдык жана психосоциалдык деңгээлде мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт деп күтүлүүдө.